Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 22.12.2014 17:30

Жумгал районунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу туурасында окуу өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында мектеп окуучуларынын арасында укук бузуулардын жана бири-бирин басмырлоо, опуза талап кылуу, башкача айтканда мектеп рекетин алдын алуу максатында Жумгал РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясы окуу өткөрдү.

Анда Чаек айылындагы Т.Турсунбаева, М.Алыбаев жана О.Ногойбаев атындагы орто мектептеринин директорлору менен биргеликте окуучуларга 200 даана баракчалар чыгарылып Чаек айылындагы 3 мектептин 8-9-10-11 класстарынын окуучуларына таратылды.

Ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×