Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 23.12.2014 14:48

Жумгал районунун тургуну Махабат Талканчиева авто кырсыктан улам жүлүнүнө доо кетип оор операция кылууга жардам сурайт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну Махабат Талканчиева мындан 3 жыл мурда катуу жол кырсыгына кабылып жүлүнүнө доо кетип оор операция кылууга жардам сурайт. Мындай маалыматты Улуу Катаган жаштары коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кабарлашты.

«Улуу катаган жаштары» коомдук бирикмеси Талканчиева Махабат Самагановнага кайрымдуулук көрсөтүү акциясын жарыялады.

Талканчиева Махабат Самагановна 1986-жылы Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында төрөлгөн. Турмушка чыккан, бирок, тагдырга байланыштуу жолдошу таштап кеткен. Бир баланын энеси. 3 жыл мурда автокырсыкка кабылып баспай калган, ошондон бери төшөктө жатып келет. Буга чейин 3 ирет операциядан өткөн.

Жашоо шарты аябай оор.
Жүлүнгө доо кетип, кыр аркалары бири-бирине кийишип калган. Учурда жакынкы Россиядагы атайын реабилитациялык борборлорго барып көрүнүү керек экенин сунушталган жана операция ал жактан өтөт. Бирок буга Махабаттын дарыланууга каражаты жок.


Эгер Махабатка кайдыгер карабагандар болсо жардам сурайт.
Дареги, Бишкек шаары Соң-Көл көчөсү №51 Белорус көчөсү менен кесилишет.
Байланыш телефону: 0708 98-30-60
Улуу катаган жаштары коому 0772 00-76-54


Банктагы реквизисттери:
Филиал «Исламик» ЗАО «ЭкоИсламикбанк» г.Бишкек
БИК №117
Алуучу Транзиттик бет эесби Retail тармагы үчүн.
1171020001000231
л/с 4171021711331800
Талканчиева Махабат Самагановна

image

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×