Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 24.12.2014 15:38

Жумгал районунда 80ге жакын уй-кунаажын жасалма жол менен уруктандыруудан өтүштү, - райондук ветеринар бөлүмү

Turmush -  
Мындай маалымат бүгүн, 24-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунда мал чарбачылыгы боюнча жана ветеринардык тейлөө тармагынын жылдык отчеттук маалыматында белгиленди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анад белгиленгендей, Жумгал районунда малдын асылдуулугун жогорулатуу багытында иштешкен фермерлер өз күчтөрү, демилгелери менен койлордун, ири мүйүздүү малдарын, жылкылардын жаңы асыл тукумдуулугун көбөйтүү менен иш жүргүзүп келишет. Малдын асылдуулугун арттыруунун дагы бир жолу болгон малды жасалма жол менен уруктандыруу багытында  Куйручук айыл аймагынан К.Карымшаков, Чаек айыл аймагынан Н.Шамыркановтор иш жүргүзүп келишет. 

Азыркы учурда 11 ай ичинде Швиц, Нарин, Головей, Люмизин тукумундагы уруктар менен 31 баш уй-кунажындарды, Абердин-Ангус тукумундагы уруктар менен 48 баш уй-кунажындарды жасалма жол менен уруктандыруу иштери жасалды. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×