Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 24.12.2014 16:14

Жумгал районунда 11 айда балык чараларынан 1,5 тонна балык өндүрүлсө, тоок фермалардан 385 миң даана жумуртка өндүрүлгөн

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы балык чарбаларынан 11 айда 1,5 тонна балык өндүрүлүп ички керектөөлөргө сатылса, тоок чарбаларынан жалпы 385 миң даана жумуртка өндүрүлгөн. Мындай маалымат райондун 11 айынын жыйынтыгы менен белгиленди.

Анда маалымдалгандай, тоок фермалардын жалпы саны 4 болсо, балык чарбаларынын саны 5ге жеткен.

Негизинен жумуртка өндүрүү багытында иш жүргүзүп жаткан тармакта жалпы 10 адам иш менен камсыз болгон, болсо балык чарбасында 7 адам эмгектенип 18 адам иш менен камсыз болгон. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×