Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 24.12.2014 16:30

Жумгал районунун Байзак айылындагы 4 күнөскананы иштеткен айымдар 11 айда 2,5 тонна жашылча өстүрүп чыгышты

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылындагы 4 күнөскананы иштеткен 60га жакын жарандар 11 айда 2,5 тонна жашылча жемиш өстүрүп чыгып сатышкан. Мындай маалыматты район акиминин биринчи орун басары Арстан Кадыров маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, БУУнун «Айыл чарбасына жардам көрсөтүү» программасынын негизиндеги доолборго ылайык жашылча өстүрүү багытындагы иш жүргүзгөн негизги 4 күнөскана жана ушул эле долбоордун алкагында иш жүргүзүп жатышкан Байзак айыл аймагындагы 52 адамдан турган чакан күнөсканалар жогорку деңгээлде иш жүргүзүп келишет.

Жалпысынан 60 адам иш менен камсыз болгон бул ишканаларда, 2014-жыл ичинде 2,5 тонна жашылча өндүрүлүп айыл эмгекчилерине сатылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×