Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 24.12.2014 17:15

Жумгал районунда жыл ичинде 6500 тонна ун, 1100 тонна тоют майдаланып эл керектөөсүнө берилди

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда кайра иштетүү тармагында негизинен 50дөн ашык чоң жана кичине тегирмендер, 10 ашык ар кандай тоют майдалоочу цехтер иштейт. Мындай маалымат райондун 11 айынынын жыйынтыгы менен белгиленди

Жыл ичинде алар тарабынан 6500 тонна ун, 1100 тонна тоют майдаланып эл керектөөсүнө берилген.

Мындан сырткары Чаек айылындагы жеке ишкер Алма Абакирова, Кызыл Жылдыз айылында Сагындык Сапарбаев жетектеген чакан кондитердик цехтер такай иштөө менен жыл ичинде 400 миңден ашык ар кандай нан, май токоч чыгарышып элге 6,4 млн сомдук жумуш аткарышкан.

Ошондой Көк Ой айыл аймагында «Эмел» минералдык суусундугун чыгаруучу чакан цехи бүгүнкү күндө иш алып барат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×