Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 30.12.2014 09:30

Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Таланттуу жаштар улуттун келечеги» аталыштагы жаштар фестивалы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Жусуп Сары атындагы орто мектебинде мектеп окуучуларынын «Таланттуу жаштар улуттун келечеги» аталышындагы жаштар фестивалы өткөрүлдү.

Ага Миң-Куш жаштар уюмунун төрагасы Адис Жапаров, «Жумгал лидер жаштары» коомдук уюмунун жетекчиси Нурлан Шамырканов жана аталган мектептин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышкан. Фестивалды мектеп директору Лариса Назаралиева ачып берип окуучуларга ийгилик каалап өттү.

Фестивалда окуучулар тарабынан тамаша, ыр-бий жана атайын даярдалган окуу тартиптери көрсөтүлдү. Жыйынтыгында сырттан келген коноктор тарабынан демөөрчүлүк болуп, катышуучуларга 3000 сомдун байгелери, дипломдор берилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×