Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 16.01.2015 15:15

Жумгал районунун Чаек айылында кыздын себин жазай турган Россия жамаатында 9 айым эмгектенет (фото)

Turmush -  Нарын облусунун ЖУмгал районунун Чаек айылында кыздардын себин даярдай турган Россия жамааты 2013-жылы май айында ачылган. Учурда бул жамааты ар кыл багыттагы кыздардын себин даярдап келишет. Бул тууарлуу аймактык кабаочы маалымдады.

Бул жамаат кыргыздын байыртадан келе жаткан улуттук буюмдарды даярдоо жана тарыхый мурастарды сактап калуу максатында кол эмгектенген уз айымдардын жардамы менен түзүлгөн. Жамаат ишин биринчи жолу 20 миң сом насыя алуу менен башташкан. Учурда бардык муктаждыктарды тейлеп, буйрутма менен иш алып барышат.

Жамааттын негиздөөчүсү Россия Сулайманкулова ишкана тууралуу маалымат берди.

«Жамаат түзүлгөнү жууркан төшөктөрдүн түрүн, жаздыкчалар, килемче, көшөгө, терезе жабуу, көлдөлөң жана шейшептерди даярдайбыз. Кызматкерлердин саны 9га жетти. Эмгек акылыры иштегенине жана буйрутма менен тиккенине жараша төлөнөт. Жамааттын максаты, элдин суроо талабын канааттандырып, буюмдарды азыркы заманбапка тууралап, сапаттуу даярдоо», - деди ал. 

Ал кошумчалагандай, келечекте ишкананы кеңейтин дагы кошумча кийиз менен иштөө жабдыктарын алуу, дешет алар.

IMG_0024IMG_0032IMG_0035IMG_0036IMG_0038

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×