Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 21.01.2015 10:55

Жумгалдын Куйручук айылындагы «Акжолтой апа» балдар бакчасында 30 бала тарбияланууда (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айылында 2014-жылдын 1-апрелинен тартып «Акжолтой апа» атындагы бала бакчасы ишке берилген. Анда учурда 30га жакын бала тарбияланууда.

Бала бакчанын жетекчилиги аймактык кабарчыга билдиргендей, учурда бакчада 11 адам эмгектенүүдө.

Бакча эмеректер менен толук камсыз болгон жана толук шарттар каралган. Тамак ичүүчү бөлмө, ойноп эс алуучу, уктап эс алуучу бөлмөлөрү кенен жана сабак окуучу класс бар. 

Бала бакчага кышкы мезгилге карата 26 тонна көмүр түшүрүлүп берилген. Айыл өкмөтү тарабынан бала бакчанын көмүрканасынын үстүн жабууга жыгач жабдуулары менен камсыз кылынган жана таза суу киргизилип берилген.

IMG_0098IMG_0099IMG_0100IMG_0101IMG_0102IMG_0103IMG_0104

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×