Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 21.01.2015 11:20

Жумгалдын Куйручук айылында аз кандуулук боюнча йоддун жетишсиздиги менен 36 жаран каттоодо турат

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айылында 2014-жылдын ичинде 39 наристе жарык дүйнөгө келди. Аз кандуулук боюнча жана йоддун жетишсиздиги менен 36 адам каттоодо турат. Мындай маалымат айыл өкмөтүнүн жылдык отчетунда белгиленди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, айылда 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар, анда 1 врач, 1 башкы фельдшер, 1 акушер, 1 медайым жана кенже кызматкер иштейт. 

Мындан сырткары ноябрь айынан баштап менчик тиш дарылоочу бөлүм ишке киришкен. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жыл ичиндеги профилактикалык эмдөөлөрдү өз убагында жасады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×