Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 21.01.2015 13:25

Жумгал районунун аймагында 7 ири долбоор ишке кирип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат, - райадминистрация

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен жана АРИС уюму тарабынан жалпы 7 долбоор 70 млн сомдук каражат менен ишке кирип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 21-январда Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын инвестиция тартуу жана районду өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Чолпонбек Субанов билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында республикалык бюджет аркылуу 24 млн 400 миң сомго Тынаалы атындагы орто мектептин курулушу башталып, бул жылы толук бүтө турганы белгиленген.

Таш-Дөбө айылында 16 млн сомго АРИС программасы аркылуу спорт залдын пайдубалы түптөлүп, күз айына чейин куруп бүткөрүү иши пландалган.

«Ошондой эле Кабак айыл аймагынын спорт залынын курулушу республикалык бюджеттен 3 млн 100 миң сомго каржыланууда. Ушул эле айылдын «Сейнеп Уултай» бала бакчасын оңдоо иштерине 3 млн 300 миң сом жумшалып, иштер жүрүүдө. Андан сырткары, Кабак айыл өкмөтүнүн кеңсесин курууга 1 млн 200 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралып, азыр иштер жүрүп жатат», - деди Ч.Субанов.

Ал кошумчалагандай, жакында эле Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Сөөк айылында 8 млн 800 сомдук көпүрө АРИС программасы аркылуу курулуп пайдаланууга берилди.

Ошондой эле, Кабак айылындагы Кызыл Октябрь орто мектеби курулуп пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектептин имараты курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×