Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2015 12:15

Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында 2014-жылы кургак учук оорусу менен 7 адам катталды, - айыл өкмөтү

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында 2014-жылдын ичинде кургак учук оорусу менен 7 адам катталды. Мындай маалымат кечээ, 21-январда айыл өкмөтүнүн жыл жыйынтыктоочу отчетунда белгиленди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Андагы маалыматтарга карасак, жыл ичинде айылда 37 бала төрөлгөн. Түгөл-Сай айылында кургак учук оорусу менен ооруган 4 адам, айылга катарлаш Эпкин айылында 3 адам катталган. 

Жыл ичинде айылдагы 12 мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ар бирине 250 сомдон акчалай жардам жана көмүр отундары түшүрүлүп берилген.


Айылда сарык тумоо, кызамык оорулары катталган эмес.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×