Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 23.01.2015 09:54

Жумгал районунун Байзак айылында долбоордун алкагы менен арык каналдарды казган 400 жаранга азык-түлүк таратылды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылында ПРООНдун азык-түлүк программасынын алкагында арык каналдарды казган 400 жаранга ун, май таратылды. Мындай маалыматты аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Адыл Сапаров аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, Байзак айылынын күн чыгыш тарабындагы Ак-Талаа жана Ичке каналдарын казууга жана тазалоого 400 адам катышып, аларга акы үчүн ун, май берилди. 

Таратылган азык-түлүктөрдүн өлчөмү 17 млн 80 миң сомду түздү, деп кошумчалады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×