Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 23.01.2015 17:25

Жумгалдын Байзак айылындагы А.Молдокеев орто мектебинин от казаны жаңыртылды (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Байзак айылында жайгашкан Асылбек Молдокеев атындагы орто мектептин жылытуучу тармагы кайрадан жаңыртылды, деп кабарлайт айыл өкмөт башчысы Адыл Сапаров аймактык кабарчыга.

Анын маалыматында айтылгандай, мектептин от казаны акыркы 3 жылдан бери жакшы иштебей, мектеп толук жылытылбай келген.

«Аталган мектепти жылытып жаткан меш мындан 3 жыл мурун коюлган. Буга кошумча 2014-жылдын декабрында жаңы КВр - 0,6  К/Б үлгүсүндөгү от казан берилди. Учурда күнүнө 3 миң 312 кг көмүр жагылат. Мектепке 350 тонна көмүр түшүрүлгөн. Эми февраль айында дагы кошумча 50 тонна көмүр түшүрүлөт», - деди А.Сапаров.

Мектепке жаңы от казан коюлгандан бери жылуулук менен толук камсыздалып калды, деп кошумчалады мектеп директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары Талант Акынбаев.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×