Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 27.01.2015 13:05

Жумгал районунда жыл ичинде 636,9 миң тонна көмүр өндүрүлдү, - акимдин орун басары А.Кадыров

Turmush -  Нарын облусунда жыл ичинде райондогу көмүр ишканалары тарабынан жалпы 636 миң 958 тонна көмүр казылып алынды. Мындай маалыматты район акиминин биринчи орун басары Арстан Кадыров маалымдады, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, Кара-Кече аймагындагы 5 көмүр ишканасынан (Демилге, Ак-Жол, Шарбон, Кара-Кече) жалпы 270 миң 128 тонна көмүр казылса, Дүңгүрөмө аймагындагы 2 ишканадан 200 миң 51 тонна көмүр казылып алынган. Ал эми Миң-Куш чөлкөмүндөгү 6 ишканасынан жалпы 166 миң 779 тонна көмүр казылып алынган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×