Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2015 18:26

Транспорт министрлиги Арал—Суусамыр унаа жолун куруу иштерин 2017-жылдын аягында баштоону пландаштырууда

Turmush -  Ушул жылы техникалык жардам түрүндө Балыкчы—Кочкор—Арал—Суусамыр автожолунун техникалык-экономикалык негиздемесин жана деталдык долбоорлоого каражат бөлүү боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов Tazabek басылмасынын онлайн-конференциясында окурмандын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Арал—Суусамыр жолунун курулуш иштерине 85 млн АКШ долларын Евразия өнүктүрүү банкы каржылоого макул болгон.

«Эгерде Евразия өнүктүрүү банкы каржылоо маселесин чечип берсе, курулуш иштерин 2017-жылдын аягында баштоону пландаштырдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×