Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 11.02.2015 18:02

Жумгал районунда курулуш боюнча өткөн жылы 72 млн сомдук жумуш аткарылган

Turmush -  Жумгал районунда 2014-жылдын 12 айына автоунаа менен жүк ташуу 172,9 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,9%ды түздү. Бул тууралуу Жумгал районунун Чаек айылында бүгүн, 11-февралда өткөн кошмо жыйында белгилүү болду.

Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу 25189,0 миңадамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 100,8%га өскөн.

Курулуш иштерижалпы район боюнча 72 млн 191 миң сомго аткарылган. Бул иштер өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Мунун ичинен мекеме ишканалар тарабынан 2014-жылдын 12 айында подряддык иштердин көлөмү 24 млн 938 миң сом өткөн жылга салыштармалуу 137,7%га, ал эми жеке ишкерлер тарабынан 47 млн 191,3 миң сом болуп, салыштырмалуу үч эсеге аткарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×