Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 11.02.2015 18:15

Жумгал районуна бир жылда 333 млн сомго ички жана сырткы инвестиция тартылган

Turmush -  Жумгал районунун Жол картасында пландалган иш-чаралардан 2014-жылга карата жалпы район боюнча 333 млн 44 миң сомго ички жана сырткы инвестициялар тартылган.

Чаек айылында бүгүн, 11-февралда өткөн кошмо жыйында белгилүү болгондой, мунун ичинен Каржы министрлиги тарабынан 227 млн 706 миң 200 сом, айыл өкмөттөрүнүн бюджетинен жана жеке ишкерлердин эсебинен 34 млн 828 миң 800 сом, сырткы донорлордон 69 млн 509 миң сомго инвестиция тартылып, жаңы ачылган ишканалардын эсебинен 274 жумуш орундары пайда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×