Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 17.02.2015 19:15

Жумгал районунда кургак учук оорусу менен жабыркаган 19 бейтапка жол кире үчүн 17,4 миң сом берилди

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда кургак учук оорусунун белгилери бар бейтаптарга жана ар кандай шарттагы жол киреге муктаж жарандарга бир жыл ичинде жалпы 17 миң 480 сом төлөнүп берилди. Мындай маалыматты райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан кабарлашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, «
Калкты кургак учуктан коргоо» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан кургак учук оорусу менен ооруган жарандарга жол кире төлөп берүү жагы сунушталган.

Анын натыйжасында, райондо жол киреге муктаж болгон 32 бейтаптын ичинен 19 бейтапка 17 миң 480 сом берилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×