Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 19.02.2015 09:50

Жумгал районунун Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинин отказаны жаңыртылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин отказаны буга чейин жакшы иштебей, мектепти жылытууда мектеп жамааты кыйналып келишкен. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Бул ирет район акими Адылгазы Исагуловдун жеке көмөгү аркылуу мектептин отказаны жаңыртылып, пайдаланууга берилди. Чаек айыл өкмөтү жана мектептин жамааты тарабынан тыкандык менен жаңыртуу иштерине көмөктөр берилди.


Эске салсак, М.Алыбаев атындагы орто мектебине Жумгал райондук билим берүү бөлүмү имараттары жоктугунан улам мектептин бир тарабына кирип алышкан.

мидин алыбаев (1)мидин алыбаев (2)мидин алыбаев (3)мидин алыбаев (4)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×