Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 24.02.2015 14:19

Менин башка партияларга кошулам деген ниетим жок, - А.Салянова

Turmush -  Мындай пикирди мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 24-февралда Жумгал районунун эли менен болгон жолугушуусунда элдин берген суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Бул жеке өзүмдүн чечимим. Мен башка партияларга кошула албайм. Ал партияга кирип алсам болмок, бирок мен ага барбайм. Мен ошон үчүн туруктуу чечимимди кабыл алып, жаңы партия түздүм», - деди ал.

Анын айтымында, буга чейин партиялардын катарына кирген эмес. «Мен буга чейин партиялардын катарында болгон эмесмин. Эч бир партияда жокмун», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×