Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 27.02.2015 14:02

Жумгал райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси болуп Садырбек Чыныбаев дайындалды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын директору болуп, КР Саламаттык сактоо министрлигинин №4 буйругу менен КР Эмгек кодексинин 55-беренесине ылайык, 2015-жылдын 15-январынан тарта финансылык жана тескөө документтерине биринчи кол коюу укугу менен Чыныбаев Садырбек Абдрасулович дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Чыныбаев Садырбек Абдрасулович 1950-жылдын 28-апрелинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Саруу орто мектебин окуп бүтүп, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна кирип, 1974-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.
1974-1975-жылдары Бишкек шаарынын №3 ооруканасында Хирургия кесиби боюнча иштеген. Андан кийин 1975-жылы август айынан Жети-Өгүз районунун борборлоштурулган ооруканасында хирург, 1979-жылы март айынан бөлүм башчы болуп иштеген. Андан кийин 1986-жылдын сентябрь айынан тарта аталган оорукананын уюштуруу методикалык иштери боюнча башкы директордун орун басары, 1992-жылдын март айынан Жети-Өгүз районунун борборлоштурулган ооруканасынын башкы дарыгери, 2003-жылы райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорлук милдетин аткарган.

Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. 1976-жылдан 1982-жылга чейин райондук медицина кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы болуп иштесе, 1982-87-жж медицина кызматкерлеринин баштапкы уюмунун секретары болуп жана областтык КП Пленумунун бир чакырылыштагы мүчөсү болгон.

Эске салсак, буга чейин Жумгал райондук аймактык ооруканасын жетектеп келген Кыштоо Асанов, 2014-жыл ичинде эненин өлүмү көп катталганынан улам ээлеген кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×