Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 13.03.2015 17:16

Жумгал районунда Нооруз майрамы райондук деңгээлде 3 бөлүктө өтөт

Turmush -  Жумгал районунда 21-март Нооруз майрамы райондук деңгээлде 3 бөлүктө өтөт. Бул майрамга карата маданият тармактарында атайын иш-чаралар иштелип чыккан.

Биринчи деңгээли 20-21-мартта бардык айыл өкмөттөрдө «Жаңы жыл жалпы эл майрамы» аттуу темада маданий уюштуруу иштери өтөт.

Экинчи деңгээл болсо, 21-мартта Чаек борборунда аталган темада мекемелер арасында кароо-сынак болот. Анда мекемелер 2 жаатка бөлүнүп алып, кыргыздын улуттук кийимин даңазалоо, салттуу даамдарды даңазалоо жана тигилген улуттук боз үйдүн жасалгалоосун даңазалоо менен бирге ыр-бийлерди аткарышат.

Ал эми үчүнчүсү театрлаштырылган көрсөтүү жана чыгармачылык топтун чоң программадагы концерти менен аяктайт. Бул күнкү майрамды спорт оюндары улантат, деп билдирди Жумгал райондук маданият үйлөрүнүнү көркөм жетекчиси Замир Токомбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×