Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 19.03.2015 17:04

Жумгалдын Байзак айылында мектеп окуучулары Нооруз майрамына карата каада-салт жана улуттук даам боюнча сынак уюштурушту (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын А.Молдокеев атындагы орто мектебинин 10-класстын окуучулары жана класс жетекчиси Гүлзат Усеинованын уюштуруусунда Нооруз майрамына карата чакан концерти болуп өттү.

Концертке окуучулар кызуу даярданышып, кыргыздын бардык салт-санааларын чагылдырышып, ыр-бийдин коштоосунда элге майрамдык маанай тартуулашты.

Бул майрамдык концертте 9-10-11-класстын окуучуларынын арасында улуттук даамдар жана каада-салт боюнча да сынактар болду. Бул конкурста кыргыздын улуттук тамактары жасалып, мугалимдерден турган топ даамдарды сызып жыйынтыгын чыгарышты.

Жыйынтыгында улуттук каада-салт боюнча 1-орунду «Кыз узатуу» темасында 10 б-классы алса, ал эми улуттук даам боюнча 1-орун 11 а-классына ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×