Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 26.03.2015 14:29

Жумгалдагы №26 кесиптик лицейинде кыска мөөнөттүү компьютерде иштөө курсунун 2-топтук окуусу башталды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын А.Өмүралиев атындагы №26 кесиптик лицейинде кыска мөөнөттүү жеке компьютерде иштөө курсунун 2-топтук окуусу 10-мартта башталды.

Тайпада 14 окуучу окуйт, мөөнөтү 2 ай. Кыска мөөнөттүү окутуу курсуна керектелүүчү оргтехниканын жетишпегендигин лицейдин өздүк каражаты менен толуктап келет. Алсак, 2 персоналдык компьютер, 1 ноутбук жана үчтөн 1 аткаруучу кошумча түзүлүш (ксерокопия, печать, сканирования) менен камсыздалган. Бул курста программаларды жөнөкөй иштөөдөн баштап аралыктан байланышуу ыкмаларын окутат.

Эске сала кетсек, бул кыска мөөнөттүү жеке компьютерде иштөө курсунун мындан биринчи 10 окуучу ноябрь айынын аягында бүтүрүшүп, азыркы учурда 5 бүтүрүүчү ушул жаатында иштеп жатышат.

IMG_0330

IMG_0332

IMG_0333

IMG_0334

IMG_0335

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×