Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 27.03.2015 19:02

Жумгалда кызамыкка каршы эмдөө боюнча 21 күндүк иш-чара жыйынтыкталды, 2-туру апрель айында улантылат, - дарыгер

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук ооруканасында кызамыкты алдын алуу боюнча 21 күндүк иш-чара пландалып, айылдарды кыдыруу менен кызамыкка каршы эмдөөлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу оорукананын врач-иммунологу Турар Ажиева билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, кызамык дартына карата көзөмөлдөр өз убагында жүргүзүлдү.

«Жалпы 21 күндүк иш-чарабыз жыйынтыкталды. Бала бакчаларда фильтрлер жасалып, мектептерге санитардык баракчалар таркатылып, оору боюнча дил баяндар жазылып, жыйындар өткөрүлүп бүттү. Учурда ооруканада атайын кызамык боюнча штаб түзүлүп, жумасына бир жыйын өткөрүлүп жатат. Атайын токтомдун негизинде 1-марттан баштап үймө-үй кыдыруу иш-чарасы болуп, эмдөө иштери бүттү», - деди Т.Ажиева.

Учурда бул боюнча дагы бериле турган дарыларды күтүп жатабыз, деп кошумчалады дарыгер.

«Ар бир айылда атайын вакцинаторлор бар. 1 жаштан 20 жашка чейинки балдардын тизмесин даярдап, вакцинация жүргүзүүдө. Мунун 1-туру мартта болсо, 2-туру апрель айында улантылат», - деди Т.Ажиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×