Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 01.04.2015 16:15

Композитор Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына карата демилгеленген музыкалык 100 класстын биринчиси Жумгалда ачылды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында Ч.Дүйшеева атындагы искусство мектебине Кыргыз СССРнин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата бир класстын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу искусство мектебинин директору Ш.ЧутоевЖ.Шералиевдин 100 жылдык мааракесине арналып өткөн жумалыкта билдирди.

Бул ачылыш аземге Ж.Шералиевдин кызы Нарынкүл Шералиева, Ж.Шералиев атындагы фонддун төрагасы Курмангалиев Жумакадыр, журналист жана маданият кызматкерлери катышты.

Бул класс музыкалык адабият жана хор сабактары өткөрүлүүчү класс.

Маалыматка ылайык, мындай класс республиканын бардык шаар, райондорунда 100 класс ачылат. Бул 100 класстын 1 классы иш-чаранын негизинде Жумгал районунда биринчи ачылууда.

IMG_0008

IMG_0007

IMG_0003

IMG_0002

IMG_0001

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×