Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 13.04.2015 08:07

Жумгалда 10 жаштагы бала балмуздакка ууланып, ооруканага жаткырылды

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын тургуну Миргүл Жумалиева 9-апрелде анын 10 жашар уулу Үмөтбек уулу Нурмамбет балмуздактан уулангандыгын айтты, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, Нурмамбет Куйручук айылынан базардан балмуздак алып жеп, үйүнө келип ичи ооруп жатып калган. Баласы чыдабай жатканынан улам эртеси 10-апрелде райондук аймактык ооруканасына алып келишкен. Дарыгерлердин айтымында бала балмуздактан ууланган.

«Балам экөөбүз базардан келгенбиз. Балам балмуздак жейм дегенинен улам ага балмуздак алып бергем. Бирок кандай балмуздак экенин чынында эстей албадым. Балам үйгө келип өңү кубарып, ичим ооруп атат деп жатып калды. Баламдын ичи өтүп, кусту. Акыры чыдабай ооруканага алып келдик. Азыр баламдын абалы оор болуп турат. Дарыгерлер карап, канын тазалап жатышат», - деди М.Жумалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×