Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 09.05.2015 10:11

Жумгалда «Эрдиктери түбөлүккө эскериле берет» аттуу иш-чара китеп окурмандары жана мектеп окуучулары менен биргеликте өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын С.Байгазиев атындагы борбордук китепканасында Уулу Жеңиштин 70 жылыдыгына карата «Эрдиктери түбөлүккө эскериле берет» аттуу иш-чара китеп окурмандар жана мектеп окуучулары менен биргеликте өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бул иш-чарада окурмандар кыргыз акындарынын согуш темасына арналган ырлардан көркөм окутулду.

Жана ошону менен бирге эле «9-май Жеңиш күнү» аттуу китеп сүрөт көргөзмө чыгармачылык окурмандарга библиографиялык обзор жүргүзүлдү.

Иш-чараны борбордук китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Орозалиева алып барып, жыйынтыктоочу сөздү китепкананын жетекчиси З.Исабекова аяктады. Бул иш-чара дагы да улана бермекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×