Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 12.05.2015 14:55

Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында пескоблок чыгара турган цех ачылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында ПРООНдун Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагында бүгүн, 12-майда ишкананын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ага өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов, ПРООНдун өкүлдөрү менен район акими Адылгазы Исагулов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Айыл ичинде жалпы 8 жумушчуну камсыз кылган бул ишкана, мындан ары да тынбай иштеп турса күнүнө 1500 даана пескоблок чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.

Пескоблокту иштетип жана долбоор жазган жеке ишкер Руслан Тажиев бул ишканадагы көйгөйлүү маселе пескоблокко керектелүүчү материалдын жоктугун айтты.

Себеби учурда кум, шагылды Долон бел ашуусунан алып келе жатканын белгилейт.
Маалымат катары айтсак, бул ишканага ПРООН 492 миң 600 сом берсишсе, өздү салым 215 миң 440 сом болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×