Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 25.05.2015 13:48

Жумгалдагы «Мыкты класс-2015» кароо-сынагында Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясы экинчи жылы жеңүүчү аталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында райондогу орто мектептер арасында өткөн «Мыкты класс-2015» кароо-сынагында Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясы жеңүүчү аталды.

Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясы сынакка катышкан 20дан ашык орто мектептин арасында мыкты аталуу менен, бул наамды экинчи жолу ээледи, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынак 22-23-май күндөрү өтүп, Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясынан кийинки 2-орунду Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы орто мектеби, 3-орунду Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектеби ээлеп, компьютер жана интерактивдүү такталарды белекке алышты. Жалпы сынактын байгеси бул ирет 150 миң сомду түздү.

Кароо-сынакка 20дан ашык мектептен жалпы 250 окуучу катышып, суроолор так илимдерден: математика, физика, химия, геометрия жана логика боюнча түзүлгөн. Бул тапшырмалар жогорку квалификациялуу мугалимдерден турган комиссия тарабынан түзүлдү.

Ар бир класска так илимдерден 70 суроо жана орус, кыргыз тилдеринен 15тен 30 суроо болуп, баардыгы 100 суроону түзгөн тапшырмалар берилди.

Бул кароо-сынак райондун жетекчилигинин демилгеси менен 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×