Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 02.06.2015 11:59

Жумгал районунда жаш бөбөктөр «Амалдуу мышык» спектаклине күбө болушту (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнүн урматына Т.Турсунбаева атындагы маданият үйүнүн кызматкерлеринин куурчак театры тарабынан кичине балдарга «Амалдуу мышык» аттуу спектакли көргөзүлдү.

Спектакль балдардын купулуна толуп, кызыгуу менен көрүп жатышты. Бул спектаклди маданият үйүнүн кызматкери, куурчак театрынын жетекчиси Медетбеков Ырыскелди даярдап, үндөрүн коштоду.

Маалыматка ылайык, бул куурчак театры 3 жылдан бери иштеп келет. Куурчактарды ойноткон кызматкерлер атайын куурчак театрынан окуп билим алып келишкен.
Майрамдык спектаклден кийин балдарга администрация тарабынан 500 балмуздак жана айыл өкмөтү тарбынан таттуулар таркатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×