Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 30.06.2015 12:52

Белгилүү композитор, «Манас» орденинин ээси М.Бегалиевдин 60 жылдык мааракеси кичи мекени Жумгалда белгиленет

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун кулуну ардактуу атуул, белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин 60 жылдык мааракеси кичи мекени Жумгал жергесинде өтөт. Мындай маалыматты район акими Адылгазы Исагулов маалымдады.

Анын маалыматында, райондон чыккан чыгаан инсанды Жумгал районунун бийлиги жана айрым активисттери колдоп, композитордун мааракесин кичи мекенинде белгилешет.

Бегалиев Муратбек Акимович 1955-жылы Жумгал районунун Миңкуш шаарчасында туулуп, Доскулу айылында чоңойгон.

Композитор, профессор, КР Эл артисти, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985), Республикалык адистештирилген М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта труба, кларнет, фагот аспаптарында ойноону үйрөнгөн. 1974-1977- жылдары Кыргыз Мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда (М.Абдраевдин классынан), 1977-1982-жылдары Москва мамлекеттик П.Чайковский атындагы консерваторияда окуган.

1984-жылы Москвада өткөн композиторлордун Эл аралык сынагында симфониялык поэмасы үчүн баш байгеге ээ болот.

Бегалиевдин кылдуу, аспаптар үчүн «Кыргыз сюитасы», фортепьяно үчүн сонатасы, «Бала кез кайрыктары» сүрөттөмөсү, симфониялык оркестр үчүн «Майрамдык увертюрасы», камералык оркестр үчүн «Ностальгиясы», скрипка жана фортепьяно үчүн «Манас сонатасы» жана башка көптөгөн чыгармалары автордун аброюн көтөрөт.

1990-жылы Бегалиев ЮНЕСКОнун стипендиянты (Франция) болгон. Бул композиторго дүйнөлүк көрүнүктүү музыканттар менен алака түзүүгө, музыканын учурдагы багыттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген. Германиянын маданий борборунда эки жыл билимин өркүндөтөт. Алган тажрыйбасынын аркасында Чыгыш менен батыштын музыкалык маданиятын жакындаштырат. Улуу композитор И.С. Бахтын талантына таазим этүү менен «Манас» эпосунун музыкалык тематикасынын өзөгүндө чыгармаларды жазууну улантат.

«Каркыранын канаты», «Амидзима», «Жаңыл Мырза», «Манастын уулу Семетей» спектаклдерине жазган музыкасы көрүүчү-угуучулар, адистер тарабынан жогорку баага татыды. Отуздан ашык даректүү жана көркөм фильмдерге да музыка жазган. Алардын ичинен «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш»), «Бороондуу бекет», «Бетме-Бет», «Саманчынын жолу» жана башка Германияда, Японияда, Сирияда, Индияда, Москвада өткөн эл аралык кинофестивалдардын жеңүүчүсү болгон.

Жазуучу Ч.Айтматов менен болгон көп жылдык чыгармачылык байланыштын натыйжасында солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн «Кылым карытар бир күн» ораториясын, камералык оркестр үчүн «Настольгияны», «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу жана башка чыгармаларды жазган.

М.Бегалиевдин демилгеси, жетекчилиги менен ондогон музыкалык фестивалдар, сынактар уюштурулду. Ч.Айтматов Бегалиевди «өз элинин чыныгы уулу жана музыканын генийи» деп атаган. 1993-жылы Бегалиевдин демилгеси менен Кыргызстанда улуттук консерватория ачылып, ал ректорлукка шайланат. Кыргыз мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты (1988), Ч.Айтматов фондунун «Түгөлбай ата» коомунун сыйлыгы, «Алтын көпүрө», (Казакстан) Эл аралык ассоциациясынын лауреаты. Эл аралык чыгармачылык (Москва) жана музыка академияларынын (МЮНХЕН) академиги Муратбек Бегалиев 2004-жылдан тартып маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган. П.Чайковский атындагы Алтын медалдын, үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×