Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 22.01.2014 13:58

Чаек айыл өкмөтүнүн башчылык кызматына талапкер жаш кадрга бут тосууда, - аппарат кызматкерлери

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук Чаек айыл аймагынын айыл өкмөт башчылык кызматына жаш жаңы кадрды колдойбуз, деген аппарат кызматкерлери кечээ, 21-январда жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

«Чаек айыл аймагына буга чейин туруктуу иш алып барып, айылдын өнүгүүсүнө салым кошкон айыл башчысы келген эмес», - дешет кайрылуу ээлери.

Алар билдиришкендей, дайындалганына жарым жыл боло электе, ишти жакшы алып бара албагандыгынан улам жергиликтүү кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөй башташат.

Учурда Чаек айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери Жумгал районунун акимин шайлоого чейин убактылуу милдетин аткарууга сунушталган жаш кадр Улан Асылбековдун талапкерлигин колдоп беришин суранышууда.

«Бирок тилекке каршы, учурда айыл өкмөт кызматына талапкерлер арасында бут тосуулар жана ортого киши салмай башталып жатат. Кыска мөөнөттүн ичинде убактылуу айыл өкмөттүн башчылык кызматын аткарып келе жаткан Улан Асанбековдун ишин байкадык, алдыда жакшы максаттары бар экен. Өзүнүн демилгелүүлүгүн, жөндөмүн көрсөтө алдыз», - деп билдиришти аппарат кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×