Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 12.08.2015 17:53

Туратбек Кожомуратов Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Туратбек Кожомуратов дайындалды. Бул тууралуу БШКнын Жумгал району боюнча өкүлү Насыбалы уулу Каныбек маалымдады.

Анын айтымында, БШКнын чечими менен Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 11-август күнүнө дайындалган.

«Айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер ат салышты. Мурдагы жоопту катчы Туратбек Кожомуратов көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болду. Ал эми Сатынбек Мекишов, Муканбет Жакыпбаевдер депутаттардын добушуна ээ боло алышкан жок», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×