Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 22.09.2015 15:07

Жумгалдагы 9-класстын окуучусу сабалып өлтүрүлгөн мектептин жетекчилиги кызматтарынан бошотулду

Turmush -  Жумгалдын Көк-Ой айылындагы мектептен 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбектин жогорку класстын окуучулары тарабынан сабалып өлтүрүлүшүнө жол берген мектеп жетекчилиги ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Бүгүн, 22-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Турусбек уулу Султан атындагы орто мектептин директору Гүлнара Атантаева, окуу бөлүмүнүн башчысы Элмира Бердигулова, класстан тышкаркы тарбия иштери боюнча уюштуруучу Чынара Орозканова жана социалдык мугалим Элмира Өмүрова ээлеген кызматынан бошотулду.

Turmush басылмасына маалымдалгандай, аталган окуя 19-сентябрда, ишемби күнү саат 10:30дагы эс алуу учурунда болгон. 11-класстын окуучулары кенже класстын окуучуларын жертөлөгө алып кирип, салык салган. Жүрөк тушка катуу сокку урулган Э.Жекшенбек уулу ооруканага жетпей каза болгон.

Э.Жекшенбек уулу                

Эркинбек.1Кечээ, 21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги райондук билим берүү бөлүмүнө шилтеме берүү менен каза болгон окуучу Э.Жекшенбек уулу мурда жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн жана окуя болгон күнү мектепке ак көйнөк кийип келбегендиги үчүн мектептин короосунда сабалгандыгын билдирди. Бирок, каза болгон баланын туугандары бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын белгиледи.

Окуя мектептин короосунда эмес жертөлөдө болгондугун, ошол күнү Э.Жекшенбек уулу мектепке ак көйнөк, кара шым жана галстук менен келгенин, окуучулар белгиледи. Ошондой эле, Э.Жекшенбек уулу буга чейин эч кандай жүрөк оорусу менен ооруган эмес, деди туугандары.

Бул маселе боюнча премьер-министр Темир Сариев атайын жыйын өткөрүп, окуучунун өлүмүнө алып келген окуяны тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага жүктөдү.

Окуядан кийин каза болгон окуучунун денеси соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлдү, учурда жыйынтыгы чыга элек.

Каза болгон окуучунун туугандары окуяга катышкан топтогу балдарды толугу менен жазага тартууну талап кылууда.

Э.Жекшенбек уулу 7 бир туугандын экинчиси. Анын атасы бир жыл мурун каза болгон.

1111

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×