Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 28.09.2015 14:45

Нарында жарым жыл ичинде кургак учук илдетине кабылган 13 бейтаптын көпчүлүгү турмуш-шарты оор жарандар

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал району боюнча жарым жыл ичинде кургак учук менен 13 бейтап катталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда өткөн өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча райондук көп секторлуу координациялык комитетинин жыйында белгилүү болду деп маалымдайт аймактык кабарчы. 

Маалыматка ылайык, бул жылы кургак учук менен ооруган жарандардын саны өткөн жылдын 6 ай аралыгына караганда 8 учурга азайган.

Жыйында айтылгандай, кургак учукка кабылган бейтаптардын көпчүлүгү жумушу жок, жашоо-шарты жакшы эмес үй-бүлөлөрдөн катталган.

13 бейтаптын ичинен бешөө Чүй облусунда, Бишкек шаарында иштеп жүрүп бул илдетке кабылган.

Дартка жаңы кабылган 13 жаран ДОТС программасы аркылуу акысыз дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×