Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 30.09.2015 15:07

Жумгал районунда актриса Т.Турсунбаеванын үй мүзейи курулуп, шаарчага айланат, - агасы Н.Турсунбаев (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда актриса Т.Турсунбаеванын үй мүзейи курулуп, шаарчага айланат. Мындай оюн кечээ, 29-сентябрда Т.Турсунбаеваны эскерүү кечесинде актрисанын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, учурда актрисанын бала кезинен берки сүрөт топтомдору, тасмада жараткан образдары менен өзү колдонгон буюмдары жана көптөгөн материалдары чогултулган.

«Учурда карындашым актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын эл арасындагы 400дөн ашык сүрөттөрү кайрадан сатылып алынды. Китеп, аудио жана тасмалар чогултулду. Келерки жылы Жумгал районундагы аты берилген маданият үйүн оңдоп түзөөдөн өткөрүп аны менен катар Таттыбүбүнүн өздүк үй музейин уюштуруу менен айылды шаарчага айланту алдында турабыз», - деди Н.Турсунбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×