Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 02.10.2015 09:54

Т.Турсунбаеванын өмүрү менен чыгармачылыгын баяндаган жаңы тасма кийинки жылы жарыкка чыгат (фото)

Turmush -  Сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаеванын өмүрү менен чыгармачылыгы жаңы тасмада баяндалат. Бул тууралуу Нарын облусунун Жумгал районунда 29-сентябрда өткөн Т.Турсунбаеваны эскерүү кечесинде актрисанын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Учурда актрисанын бала кезинен берки сүрөт топтомдорун, тасмада жараткан образдары менен өзү колдонгон буюмдарды жана көптөгөн материалдарды чогултуу улантылууда. Актриса тууралуу жаңы эмгекти кийинки жылы толугу менен аягына чыгаруу пландалып жатат.

Маалыматтарга ылайык, Таттыбүбү Турсунбаеванын жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу баяндаган тасманын башкы ролуна Айсулуу Ашыракманова тандалган.

12065651_711811208954370_5015152514698064832_n

12038203_711808878954603_1817550176416524684_n

12038335_711810398954451_2679722646004987219_n

 

Н.Турсунбаев

IMG_1564

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×