Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 12.10.2015 16:47

Жумгалдагы алдыңкы математик мугалимдер кымбат баадагы уюлдук телефон менен сыйланды (фото)

Turmush -  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы өзү эмгектенген мектепти алдыңкы көрсөткүчтөргө жеткирген 4 математик мугалимди кымбат баалуу чөнтөк телефондор менен сыйлады.

Мурдараак маалымдалгандай, бул жылы Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектептин жертөлөсүндө жогорку класстын окуучулары тарабынан 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбектин сабалып өлтүрүлүшүнө байланыштуу Мугалимдер күнүн белгилөө демилгеленген жок.

Буга байланыштуу мугалимдерге стимул берүү максатында 10-октябрда тар чөйрөдө уюштурулган иш-чарага аким Адылгазы Исагулов жетектеген жергиликтүү жетекчилер, мугалимдер жана ардактуу эс алууда жүргөн педагогдор катышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кызарт айылындагы К.У.Мамбетаалы, Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов, Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акиев жана Миң-Куш айылындагы Н.Крупская орто мектептеринин 11-кластарына математика сабагы боюнча билим берген мугалимдерге кымбат баалуу уюлдук телефондор тапшырылды. Андан сырткары райондук администрациясынын Ардак грамоталары ыйгарылды.

Мындай сыйлык быйыл 4-жолу ээлерин тапты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×