Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 04.11.2015 10:34

342 жаш талантты тарбиялап, 235 жолу концерт берген Жумгалдагы «Таттыбүбү» жаш таланттар чыгармачылык тобуна 22 жыл толду (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы «Таттыбүбү» атындагы жаш таланттар чыгармачыл тобуна быйыл 22 жыл толду.

Бир кезде жалпы кыргыз элинин маданиятын дүйнөгө белгилүү кылып келген «Бек-Бекей» элдик ансамблинин жолун улаган «Таттыбүбү» атындагы жаш таланттар чыгармачыл тобу 1993-жылы райондогу №26 лицей окуу жайынын алдында түзүлгөн, деп маалымдады аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси, обончу-аткаруучу Замирбек Токомбаев Turmush басылмасынын кабарчысына.

Анын айтымында, ал «Бек-Бекей» ансамблин өзүнүн жеке уюштуруучулугу менен айыл арасындагы колдоого алынбай жаткан жаш таланттардын өнөрүн эл алдына алып чыгуу, аларга шарт түзүү, чыгармачылык жолго салуу, Таттыбүбү Турсунбаеванын талантын, ысымын түбөлүк сактап калуу ниетинде өздүк чыгармачыл курамын түзгөн.

Кийин, 1996-жылы уюштуруучу З.Токомбаев билим берүү тармагына которулуп, М.Алыбаев орто мектебине келип, мектептердин таланттууларын чогулткан. Мындан тышкары «Таттыбүбү» ансамблинин жаңы репертуарларын иштеп чыгып, кайрадан жаш таланттар тобунун чыгармачылык ишин уланта баштаган.

Ушул эле жылы районго алгачкы бет ачар концертин беришип, мындан кийин эле Талас шаарында өткөн республикалык жаш таланттар фестивалында «Тай күлүк», «Мөлтүр булак» сынактарында алдыңкы орундарга илинип, «Таттыбүбү ансамбли бизде мейманда» темасында телеканалдардын биринен көрсөтүлгөн.

1996-жылдан 2015-жылга чейин ансамблдагы жаш таланттардын өнөр жолуна болгон кызыгуусу артып, талыкпай иштөөнүн аркасында көптөгөн кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болушту.

Көрсөткөн мыкты өнөрлөрү үчүн бир нече Ардак грамота жана ошондой эле Венгрия мамлекетине жолдомо алууга да жетишти.

2003-жылы Маданият министрлигинин чакыруусу менен айыл маданиятын көтөрүү багытында Бишкек шаарына 4 күндүк отчеттук концертин коюшуп,белгилүү маданият кызматкерлеринин сынынан өтүп, ал ийгиликтери үчүн министрдин буйругу менен республикада биринчи жолу министрликтин «Элдик ыр-бий ансамбли» деген наамга татыктуу болушкан.

«22 жыл аралагында ансамблда 342 таланттуулар тарбияланды. Алардын көпчүлүгү искусство багытында билим алышып, алды чыгармачылык менен иштөөдө. Ошондой эле Түркия мамлекетинин маданият тармагында иштегендер да бар. Мындан тышкары ансамблдин мүчөсү катары Кытайда ушул багытта билим алып жаткан жаштар бар. Биз алар менен сыймыктанабыз. Ансамблдин мүчөлөрү райондо өтүлүүчү бардык маданий уюштуруу иштерге катышып туруу менен 22 жыл ичинде 235 жолу эл алдында концерт бердик», - деди З.Токомбаев.

Ал белгилегендей, азыркы учурда ансамблде 18 бала тарбияланып, иш алып барат.

«Биз манасчы, дастанчы, ыр-хор, бийчи, акын-жазуучуларды, улуттук аспапта ойноо жана алып баруучуларды даярдаган ийримдерди иштетип келебиз. Топко керектүү улуттук формаларды, музыкалык аспаптарды табууда концерт берип, демөөрчү табуу менен материалдык базабызды чыңдап турабыз. Биздин борбордун атайын имараты жок болгондуктан аксакалдар кеңешинин имаратында жайгашкан. Жайгашкан жерибизди өзүмдүн аракетим менен, өз жанымдан каражат жумшап, чыгармачылыкка ылайыкташтырып шарт түзүп койдум. Бардык чыгармачылык түйшүктү жалгыз өзүм аткарам. Бөлмөбүздү өзүм оңдоп-түздөгөнгө туура келет», - деп кошумчалады З.Токомбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×