Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 04.11.2015 14:57

Нарын облустук драма театрдын актрисасы С.Көгөева эл аралык фестивалдын 20 миң сом байгесине ээ болду (фото)

Turmush -  Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы облустук драма театрынын жамааты Бишкек шаарында өткөн 5-эл аралык «Арт-Ордо» фестивалына катышып, байгелүү кайтты. Бул тууралуу театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Акунова маалымдады.

Анын айтымында, аталган фестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулуп, 5 номинация боюнча мыктылар аныкталды. Ага Казакстан, Татарстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн театрлары да катышып, жалпысынан 14 спектакль көрүүчүлөргө тартууланды.

«М.Рыскулов атындагы драма театрынын жамааты маданиятка эмгек сиңирген ишмер Чынара Калыбекованын «Ботогөз» спектакли менен катышып, белгиленген 5 номинациянын бирин алды. 2-пландагы аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн актриса Сапина Көгөева диплом жана 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды», - деп билдирди Г.Акунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×