Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 10.11.2015 11:28

Жумгалдагы айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери «Кыз-жигит» сармерденде таймашты (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы Соң-Көл маданият үйүндө мамрайадминистрация тарабынан уюшулган «Кыз-жигит» сармердени өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул сармерден «2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» жана Жумгал районунан чыккан ырчы М.Өмүрканованын 100 жылдыгына карата райондогу айыл өкмөттөр менен мекемелер арасында уюшулду.

«Сынакта айыл өкмөттөр 2 топко бөлүнүп, Баш-Кууганды айыл өкмөтүнөн Жумгал айыл өкмөтүнө чейин 1-топ, Байзак айыл өкмөтүнөн Миң-Куш айылына чейин 2-топ болуп сынакка чыгышты», - деп билдирди уюштуруучулар.

Сынакта маданият кызматкерлери калыстык кылып, жыйынтыгында мыкты сынак көрсөткөндүгү жана сахна жасалгалоо боюнча 1-топ жеңишке жетишип, Ардак грамота менен сыйланышты.

Андан сырткары, эки топтон тең сармерденге мыкты катышкан бирден катышуучулар жана Маданият күнүнө карата маданияттын кызматкерлери да Ардак грамоталар менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×