Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 13.11.2015 13:36

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги өзүнүн ишмердүүлүгүн өзү гана көзөмөлдөйт, - жергиликтүү депутат

Turmush -  Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги өзүнүн ишмердүүлүгүн өзү гана көзөмөлдөйт. Бул тармактагы маселелер боюнча жогорку бийликке жөнөтүлгөн кайрылуулардын жоопторун Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кадыралиевдин өзүнө жөнөтүп коюшат. Аны менен билим берүү тармагындагы маселелер чечилбей келет. Мындай көйгөйлөр бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарындагы АКИпресс агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө бул тармактагы маселелерди көтөрүп келген жергиликтүү активисттер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалимдер тарабынан айтылды.

Главное фото

Жумгал районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты Кылыч Чокоевдин айтымында, ал ушул жылдын февраль айында райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине, бул тармактагы коррупция, мектептерге мугалимдер менен директорлордун тай, торпок берип жумушка орношуусу тууралуу маселелер менен билим берүү жана илим министри Элвира Сариевага кайрылуу жолдогон. Бул кайрылуу анын орун басарларына жөнөтүлүп отуруп, аягында Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиевдин өзүнө маселени карап коюңуз деген сунуш менен келип түшкөн.

«Мисалы, Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы орто мектептин директору Фарида Садырбекова 2012-жылы эки мыйзамды бузуу менен ордуна дайындалган. Ал жогорку окуу жайды 2010-жылы сырттан окуп бүтүргөн. Жамааттагы 40 мугалимдин ичинен 31 мугалимдин каршы чыкканына карабай аны райондук билим берүү бөлүмү директор кылып дайындаган. Учурда ал директор катары иштеп жатат. Бирок, мектептеги окуучулардын билим деңгээли төмөндөп, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишпей калды. Себеби кесипкөй эмес адис башкаруунун жолун билбейт», - деди жергиликтүү эл өкүлү.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×