Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 17.11.2015 08:38

Жумгалда Эл артисти М.Өмүрканованын эстелиги тургузулду (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында 29-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Мыскал Өмүркановага арналып тургузулган эстеликтин ачылыш аземи белгиленет.

Өмүрканова Мыскал 1915-жылы Жумгал өрөөнүндөгү Эпкин айылында туулган.

Чыгармачылыгын айыл арасында элдик ырларын аткаруу менен баштап, 1936-жылы Эл чыгармачылыгынын республикалык 1-олимпиадасында 1-сыйлыкты жеңип алган. 1937-жылы Чаек колхоз-совхоз театрына кабыл алынып, 1940-жылы Нарын шаарында ачылган облустук театрга кирет.

Өмүрканованын кең диапазондуу коңур үнү анын чыгармачылыгынын өсүшүнө жол ачат. 1941-65-жылдары азыркы Кыргыз улуттук филармониясында иштеген. 1943-жылы Казакстанда куралып жаткан армия бөлүктөрүнө, 1944-жылы Польша фронтундагы токой госпиталдарында концерт берген.

1958-жылы кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышкан. Ал «Ак бермет», «Ой булбул», «Алымкан», «Колхоздогу курбума» сыяктуу ырлардын чебер аткаруучусу катары кеңири таанымал.

Талант ээси Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955-59-жылдары) болуп, «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу» ордендери жана медалдар менен да сыйланган.
Анын ысымы Жумгал орто мектебине ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×