Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 01.12.2015 15:18

Жумгалдын Баш-Кууганды айылында М.Өмүрканова атындагы маданият үйүнүн ачылыш аземи өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында М.Өмүрканова атындагы маданият үйүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү, деп билдирди бүгүн, 1-декабрда Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Ачылыш аземге Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев, ЖКнын депутаты Автандил Кулбараков, Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура Канзаева, жеке ишкер А.Токтомамбетов, айыл өкмөт башчылары, айыл аксакалдары жана айыл эли катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө М.Өмүрканованын иниси, журналист Айбек Шамшикеев даярдаган М.Өмүрканованын 100 жылдыганы арналган жарым сааттык тасма көрсөтүлдү.

Бул тасмада Өмүрканованын туулган айылы тартылган. Тасмадагы каармандардын ролун Жумгал районунун жарандары аткарган. Анда бул улуу инсандын балачагы, анын келечектеги жолдошу Сагыналыга жолукканы жана Кожомкул балбандын Мыскалды кайра-кайра ырдатканы чагылдырылган.

Ошондой эле М.Өмүрканованын айылдыштарынан, кызынын, инилеринин жана Кыргыз эл артисттеринин эскерүүлөрү бул тасмада камтылган.

М.Өмүрканованын 100 жылдыгына арналган ачылыш аземди анын ырларын аткаруу боюнча өткөн сынактын жеңүүчүлөрүнүн жана ырчы Айбек Саралаевдин катышуусундагы концерт улантты.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×