Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 02.12.2015 18:22

Жумгал районунда окуучулар арасында «Акыл таймаш I» интеллектуалдык оюну өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында «Жумгал жаштар» борбору окуучулар арасында «Акыл таймаш I» интеллектуалдык оюнунун уюштурду. Бул тууралуу уюштуруучулар Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, оюнга райондун А.Молдокеев, М.Алыбаев, О.Ногойбаев атындагы орто мектеби жана Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясынын 9-10-11-класстарынан үчтөн окуучу катышты.

Бул оюн окуучулардын билим деңгээлин, маалыматтык базасын жогорулатууга жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө, руханий дүйнөсүн байытууга, ошондой эле окуучулар арасында биримдикти чыңдоого багытталган.

«Акыл таймаш» оюнунда райадминистрациянын башчысынын орун басары Г.Исакова, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Ч.Абышова, райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмүнүн адиси К.Жаманкулов жана мугалимдерден турган калыстар тобу түзүлдү. Алардын чечими менен оюндун жыйынтыгында 1-орунду М.Алыбаев атындагы орто мектеп алса, 2-орунду А.Молдокеев мектеби ээледи. Ал эми 3-орунду Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын командасы жеңип, дипломдор менен сыйланышты.

Ал эми 4-орун О.Ногойбаев мектебине ыйгарылып, «Жумгал жаштар» борборунун Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×