Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 24.12.2015 19:46

Жумгал райондук музыкалык драма театрынын жамааты мектеп окуучуларына жаңы жылдык концерт, жомок тартуулоодо (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Калык Акыев атындагы музыкалык драма театрынын жамааты райондогу мектептердин окуучуларына жаңы жыл майрамына карата «Алтын балык» жомогу менен кошо концерт тартуулоодо. Мындай маалыматты бүгүн, 24-декабрда Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган театрдын жетекчиси Аида Абдыкеримова билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, окуучуларга жаңы жыл алдында майрамдык маанай тартуулоо үчүн коюлган концерттин билетинин баасы 30 сом. Жомок-пьесаны драма театрдын режиссеру М.Сагынбаев иштеп чыккан.

«Жаңы жылдык концертти жана жомокту окуучулар жакшы маанайда кабыл алышты. Окуучуларга ар кандай оюн-зоокторду ойнотуп, ырдатып, бийлетип жаттык. Мунун барына алар активдүү катышты. Бизге шарт түзүп берген мектеп директорлоруна ыраазычылык билдиребиз», - деди А.Абдыкеримова.

Ал кошумчалагандай, учурда театрдын жамааты өкүлчүлүктө өтө турган балаты майрамына жана райондогу мекеме-ишканалардагы майрамдык салтанаттарга даярданууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×