Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 12.01.2016 19:18

Адистен кеңеш: Ботулизм — бул өтө оор уулануу, - дарыгер Б.Мурзакматов

Turmush -  Азыркы учурда өлкө аймагында мөөнөтү өтүп кеткен азыктардан ууланып, ооруканага жатып калгандардын саны көбөйүп жатат. Бул уулануу боюнча Жумгал райондук оорунун алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Бекжан Мурзакматов кеңеш берди.

Ботулизм деген эмне? Ботулизм — бул өтө оор уулануу.

Адамдар бул оору менен ботулизимдин бактериясы жана токсини бар тамак-аштарды жегенде ооруп калат. Ботулизм оорусун козгогуч болуп — ботулизм бактериясы жана анын токсини эсептелет. Ботулизм бактериясынын токсини эң күчтүү уу. Бир тамчы эле ботулизм токсини бүт дүйнө элдерин уулантып өлтүрүүгө жетиштүү.

Ботулизм бактериясы топуракта спора түрүндө кездешет. Споралар тамак-ашка жугуп, аба жок жерде вегетативтик түргө өтүп көбөйүшөт да экзотоксин чыгарат. Үй шартында туура эмес даярдалган ар кандай консервалар ботулизм микробунун өсүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп берет.

Ботулизм деген сөз латынчадан которгондо колбаса дегенди билдирет. Анткени 1793-жылы Германиянын Вюртемберг облусунда колбасадан 13 киши ууланган, анын алтоо каза болуп калгандыктан оорунун аты ботулизм деп аталып калган.

Ботулизм менен уулануу мындан бир канча жыл мурун абдан көп кездешчү. Азыркы убакта техниканын өсүшү менен санитардык көзөмөлдөөнүн жакшыруусунун натыйжасында бир топ эле азайды. Азыркы уулануулар үй шартында туура эмес ыкма менен даярдалган консерваны колдонуудан улам болуп жатат. Анткени үй шартында консервалануучу азыктар толук санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык тазаланбайт жана идиштер таза стерлизацияланылбайт.

Жакында эле Кочкор районунан 17 адам, Тогуз-Торо районунан 6 адам ууланып, 2 адам каза болду. Учурда 4 адам оор абалда.

Ошондуктан кимде ким кышка деп жасаган консервалары болсо абайлагыла, жаш балдарга бербегениңер жана мүнкүн болсо атайын ишканада даярдалган консерваларды колдонгонуңар оң.

Ботулизм менен уулануунун белгилери ачып кеткен колбаса, ветчина, сүрсүтүлгөн балыкты, консерваланган козу карынды, жер-жемиштерди жегенден кийин 6 сааттан 10 күнгө чейинки убакытта билине баштайт. Оору оор абалда башталат. Башы ооруйт, шайы кетет, адегенде ичи да өтүп, кусушу да мүнкүн.

Негизинен баш нервинин жабыркаган белгилери болот. Көзү тумандайт, каректери кеңеет андан кийин башы айланат, түз баса албайт, көзүнө нерселер экиден көрүнө баштайт, китеп окуй албайт, тамгалар качып, экиден көрүнөт, көзү кыйшаят, жакшы ачылбайт.

Үнү бузулуп, өтө түшүнүксүз болуп чыга баштайт. Оозу кургап, тамак жута албайт. Суюк тамак же суу ичсе мурдунан куюлуп кетет.

Заңы кармалат, ичи оорушу мүнкүн. Температурасы анча өзгөрбөйт. Эгер оор абалда болсо дем алуусу кыйындайт. Жаш балдарды өзгөчө абайлабаса, алар бул ооруну көтөрүүсү кыйын.

Эгерде ооруп калсаңар жана жогоруда аталган белгилер байкалса тез арада аш казанды тазалоо керек.

Ал үчүн жутуу рефлекси бузулбаса 5% соода эритмесин ичирип кустуруу керек жана тез арада ооруканага жеткириш керек. Ооруканадан ботулизмге каршы сыворотка же көп валенттүү токсинге каршы сывороткалар берилет. Бул бирден бир негизги атайын даарылоо болуп саналат.

Ботулизимди болтурбай койсо болот. Ал үчүн санитардык-гигиеналык талаптар тамак өндүрүүчү ишканаларда, консерва жасоочу заводдордо, азык-түлүк дүкөндөрүндө жана коомдук тамактануучу жайларда катуу сакталышы керек. Үй шартында консерва жасоону токтотуш керек. Шектүү, бузулуп бараткан белгилери бар колбасаларды, ветчиналарды, сүрсүтүлгөн балыктарды, капкагы көөп калган консерва банкалардагы тамактарды жегенге болбойт.

Ошондуктан мындай азыктарды сатып алууда сактоо мөөнөтүнө, азыктын өңүнө жакшылап маани берип, кылдаттык менен пайдаланууну сунуштайм.

                                                                        Дарыгер Б.Мурзакматов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×