Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 14.01.2016 13:49

Видео — Жумгалдагы «эркек абысындардын» акыйнек айтышуусу (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында болуп жаткан «Ыр кесе» кароо-сынагында «Абысындардан акыйнек» тапшырмасынын негизинде эркектер бири-бирин абысын катары көрүп, акыйнек айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, райондун Кызыл-Жылдыз айылында чөлкөм аралык ынтымакты бекемдөө, улуттук каада-салт жана жөрөлгөлөрдү айыл жеринде өркүндөтүү максатында жыл сайын «Ыр кесе» кароо-сынагы өткөрүлүп келет.

«Акыйнек айтышуу» жаштардын салттык оюну, ал аркылуу жаштар шакаба чегип, акыйнек айтышкан кыздар мыскыл мүнөздө бири-бирине тийишип сүйлөшөт.

Акыйнек айтышкан кыздар тууган-уругуна, айыл-конушуна карата эки жаат болуп бөлүнүп, маңдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак чукуп, шакаба айтышкан. Акыйнек музыкалык аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган. Акыйнек жалаң эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын да көздөп оюн-зоок, тамаша иретинде да айтылган.

Акыйнек учурда уруш–талашка, чачташууга, чабышууга чейин да жеткен. Азыркы учурда мындай айтыштар азайып бара жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×